Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Тбилисиде өткөн митингге Еврошаркет делегациясы да катышты


Тбилиси. 2024-жылдын 11-ноябры.
Тбилиси. 2024-жылдын 11-ноябры.

Грузияда жакында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирген, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган жарандардын акциясы 11-ноябрда да өттү. Борбор калаа Тбилисиде миңдеген киши чыккан митингге Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн депутаттарынан турган делегация да катышып, тилектештигин билдирди.

Акцияга чыккандар "Биз Европабыз", "Грузия Европа Биримдигине добуш берет" деген ураандарды кармап турушту.

Балтика өлкөлөрүнүн, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Польшанын жана Швециянын, жалпысынан сегиз мамлекеттин парламент мүчөлөрү өз сөзүндө Грузия оппозициясына колдоосун билдиришти.

"Өз эркиндигиңер, демократияңар, өлкөңөр, Евробиримдиктеги жана НАТОдогу мүчөлүгүңөр үчүн күрөшкүлө... Силер Европанын бир бөлүгүсүңөр", — деди литвалык депутат Жигимантас Павиленис.

Польшалык депутат Михал Каминский 2008-жылы "орусиялык танктар Тбилисиге жакындап келатканда" да Грузия Орусиянын агрессиясына каршы тура алганын белгилеп, Европаны жактаган грузин кыялы үчүн күрөшүүгө чакырды жана "Силер утасыңар!" деп айтты.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган.

Грузин парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили Тбилисиге барган Еврошаркет делегациясы менен жолугушуудан баш тарткан. 11-ноябрдагы билдирүүсүндө спикер мындай чечимин аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн "грузин өкмөтүнө жана грузин коомуна карата көрсөткөн достук эмес мамилеси" менен түшүндүргөн.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили "Грузин кыялы" партиясы өлкөдөгү бардык мамлекеттик институттарды "дээрлик басып алганын" айтып, республиканы евроатлантикалык интеграция жолуна кайтарыш үчүн жаңы шайлоо өткөрүү керек экенин билдирген. 11-ноябрда Тбилисиде өткөн пресс-конференцияда ал Европа Биримдигинин делегациясы менен жолугушуу өткөргөнүн, анда ушул маселе талкууланганын айткан жана парламент, өкмөт жана убактысы келгенде жаңы президент легитимдүү болушу үчүн кайрадан шайлоо уюштуруу зарыл экенин белгилеген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG