Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Абхазияда активисттер кармалгандан кийин нааразылык тутанды


Абхазия.
Абхазия.

Грузиянын курамындагы жикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжания бүгүн, 12-ноябрда Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, Москва колдогон бул аймактын борбор калаасы Сухумидеги окуяны талкуулады.

Дүйшөмбүнүн кечинде оппозиция өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп, ага чейин кармалган активисттерди бошотууну жана орусиялык инвестициялык долбоорду токтотууну талап кылып, шаардын борбордук аянтына чогулушкан жана бир нече көпүрөнү торошкон.

Беш активистти полиция Сухумиде аймактык парламенттин депутаттарынын бири менен кармаша кеткен деген шек менен камакка алган. Башкы прокурор Адгур Агрба алар "депутатка каршы мыйзамсыз аракет жасашты" деп шектелип жатканын айтты.

Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө тарап, адамдар алгач ошол жерге топтоло башташкан.

Оппозициялык "Элдик биримдик форуму" партиясынын лидери Аслан Барциц нааразылык жакында Абхазия менен Орусия кол койгон инвестициялык келишим долбооруна байланыштуу жаралып жатканын айтты.

Абхаз оппозициясы орусиялык фирмаларга бул жикчил аймакта курулуш иштерин баштоого укук берген мындай келишимдин бекитилишине каршы нааразылык акциясына 15-ноябрда чыгарын жарыялашкан.

Абхазия жана Түштүк Осетия Кавказдагы жикчил аймактар. Дүйнө өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын көбү аларды Грузиянын бир бөлүгү деп таанышат. Өз алдынча өлкө катары аларды алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG