Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшерүүдө мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирди


Next TV телеканалынын логотиби.
Next TV телеканалынын логотиби.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева Next TV телеканалын текшерүү боюнча "Азаттыкка" маалымат берди. Ал телеканалдан алынган берүүлөрдүн көпчүлүгүн карап чыгып, мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирди.

“Учурда Next TV телеканалынан алынган эфирди карап чыктык. Андай деле ачык айтылган эреже бузуулар табылган жок. Арыз түшкөндүктөн биз берүүлөрдү сурап, карап чыгып атабыз. Маданият министрлиги Next TV телеканалынан эч кандай документтерди талап кылып алган эмес”, - деди Салкын Сарногоева.

Буга чейин аталган каналдын ээси, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын тургуну Адылбек уулу Санжардын арызынын негизинде Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшере баштаганын билдирген.

Министрликке жазылган арызда Next TV телеканалы чет элдик маалымат каражаттарын “Настоящее Время”, “Азаттык Медиа”, ошондой эле “TMedia” жана “PolitKlinika” сыяктуу ЖМКлардын телепрограммаларын көрсөтүп, коомго туура эмес маалымат таратып жатканын, муну менен Next телеканалы жана "Арча Медиа" Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жатканы айтылган.

Ошондой эле берүүлөрдүн көпчүлүгү орус тилинде көрсөтүлөрү жазылган.

Равшан Жээнбеков аталган медиалар менен бир нече жылдан бери расмий келишимдердин негизинде иштеп жатканын айтып, министрликтин аракетин көз карандысыз маалымат каражатына жана өзүнө кысым катары баалаган.

Телеканалга 2022-жылы Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен иш козгоп, ошол убактагы жетекчиси Таалайбек Дүйшөмбиевди камакка алынган.

Тергөө канал "Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп билдирген.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG