Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Мэрия троллейбустардын жүрбөй жатышын оңдоо иши менен байланыштырды


Эл ташып бараткан троллейбус. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Эл ташып бараткан троллейбус. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы троллейбустар каттамы 4-ноябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине байланыштуу убактылуу токтотулган бойдон жанданбай жаткан себебин мэрия түшүндүрдү.

Шаар бийлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ири саясий иш-чара учурунда троллейбустарды жүргүзбөө чечими жолдогу тыгындардын алдын алуу максатында кабыл алынган.

Учурда шаардагы эки троллейбус ДЕПОсунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу, транспорттор каттамга чыгарыла элек. Маалыматка ылайык, ДЕПОлордо Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен электрбустарды кубаттоочу бекеттер орнотулууда.

Мэрия шаарда троллейбустардын ордуна электр менен жүрүүчү заманбап электрбустар иштей турганы айтылганын эскертти. Троллейбустун ордуна жаңы автобус каттамдары иштеп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, 12-ноябрга карата Бишкекте 1200дөн ашуун автобус 56 каттам боюнча эл ташып жатат.

Мэри калаадагы троллейбустарды электрбустарга алмаштырып жатканы майдын башында белгилүү болгон. Экологиялык активисттер мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан расмий жообуна таянып, троллейбустарды байланыш түйүнү жана тарткыч көмөкчордондор менен бирге Ош, Токмок жана Кара-Балта шаарларына өткөрүү пландалып жатканын кабарлаган.

#SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор троллейбустар экологияга зыяны жок деген негизде аларды каттамдан алууга каршы чыккан.

Ушул маалга чейин муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG