Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Польшадан депортацияланган тажик активисти мекенинде 23 жылга кесилди


Тажик оппозициясынын Германиядагы акциясы.
Тажик оппозициясынын Германиядагы акциясы.

Тажикстандагы оппозициялык активист Фаррух Икромов 23 жылга эркинен ажыратылганын "Озоди" радиосу кабарлады.

Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо боюнча Польшада жайгашкан Жарандык комитеттин жетекчиси Абдусоттор Бобоевдин сөзүнө караганда, Икромовду өткөн айда Дүйшөмбүдө тергөө абагынан түрмөгө которушкан.

Маалыматты "Озодиге" Европада жашаган тажик активисти Саидисхок Бобоев да ырастады. Анын сөзүнө караганда, Тажикстанда "жабык мекемеден жакында бошотулган адам активистти тергөө абагынан түрмөгө которуп жатышкан учурга күбө болгон. Фаррух Икромов андан 23 жылга кесилгени тууралуу маалыматты туугандарына жеткирип коюуну өтүнгөн.

Маалыматта жазылгандай, Икромовдун үй-бүлөсү Тажикстандан тышкары жашагандыктан, сот чечиминен кабарсыз. Икромовго өкүм чыкканы тууралуу расмий маалымат берилген жок.

36 жаштагы Икромов аялы жана эки баласы менен Европада жашап жүргөн. Былтыр апрелде мекенине депортация болгон. Польшанын бийлиги анын жакындарынын баш калка берүү өтүнүчүн четке каккан соң, ал Германияга чыгып кеткен. Бирок кайрадан Польшага - мыйзамсыз мигранттардын лагерине кайтарылган.

Тажик оппозиционерлери Икромов 2024-жылы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Германияга барган кезде уюштурулган акцияга катышканын айтууда.

Өткөн жумада Германия дагы бир тажикстандык оппозиционер Дилмурод Эргашевди депортациялап, ал Дүйшөмбүдө аэропорттон кармалган. Эргашев Германиядан чыгарылар алдында саясий куугунтукка кабыларын сезип, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Freedom for Eurasia уюмунун маалыматында, анын иши Европа сотунда каралышы үчүн кайрылуу жиберилген.

Тажикстандык качкындар ушундан улам Европа өлкөлөрү саясий куугунтуктан улам мекенинен качууга аргасыз болгондорго коопсуз болбой баратканын айтып, Австрия, Германия, Литва жана башка бир катар өлкөлөрдөн депортациялоо күч алганынан улам белгилешүүдө.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Европа Биримдигинин мүчөлөрүн бул аракеттери үчүн айыптап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG