Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушун каржылайт


Садыр Жапаров (солдо) Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен. Эр-Рияд. 11-ноябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров (солдо) Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен. Эр-Рияд. 11-ноябрь, 2024-жыл.

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантат.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабиясына иш сапары алкагында аталган өлкөнүн Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуу учурунда айтылды.

Сауд өнүктүрүү фондунун жетекчисинин сөзүнө караганда, Фонд учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Анын алкагында Сауд Өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 млн доллар каражат бөлүүнү карап чыгат.

Жолугушууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сауд Өнүктүрүү фондунун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого жигердүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Учурдагы программаларды тездетип аягына чыгаруу жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров мындан тышкары мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоонун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн да карап чыгууну суранды.

Жолугушуу аягында Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Сауд Өнүктүрүү фонду (СӨФ) 1974-жылы Сауд Арабиясы тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. Кыргызстан Сауд Өнүктүрүү Фондунун колдоосуна 1990-жылдардан бери ээ болуп келет. Бул аралыкта фонд Кыргызстанда түрдүү багыттарда - социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылаган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG