Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

ИИМ мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады


Архив.
Архив.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүү сунушун берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы 11-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул тапта мас болуп машине айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнүн ажыратылса, эми аны эки жылга узартуу сунушталды. Эгерде экинчи жолу рулга мас болуп отурса, айдоочулук күбөлүктөн төрт жылга ажыратылат. Андан тышкары автоунаасы убактылуу мамлекетке алынат.

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн наркологияга баруудан баш тартса, үч суткага камакка алынат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда айтылгандай, наркологияга барбайм деген адамдар эки жылга чейин рулга отура албайт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрнист Айдаралиев мас абалында унаа башкарган айдоочуларды күбөлүгүнөн ажыратпай, айып пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы 7810 айдоочу мас абалында машине айдаганы аныкталып, айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган. Кыргызстанда мас болуп машине айдагандардын айынан адам өмүрлөрү кыйылган жол кырсыктары бир нече жолу катталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG