Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

Украина Орусиянын соккусунан дагы алты жайкын тургуну каза болгонун билдирди


Запорожье. 2024-жылдын 11-ноябры.
Запорожье. 2024-жылдын 11-ноябры.

Украина Орусиянын чабуулдарынан дагы кеминде алты жайкын тургунунан ажыраганын 11-ноябрда билдирди. Бул жолу Николаев, Запорожье шаарларында адамдар каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын соңку маалыматына караганда, Николаевде учкучсуз учак соккусунан кеминде беш адам каза тапты, алардын сөөгүн куткаруучулар уранды астынан алып чыгышты, бир нече үй талкаланып, өрттөндү. 22 кишиге психологиялык жардам көрсөтүлүүдө, стресс алган бир аялдын абалы оор деп бааланууда.

Запорожье аймагында дүйшөмбүгө караган түнү бир киши каза тапканы, кеминде тогуз киши жараат алганы, алардын арасында 4-15 жаштагы балдар бар экени, бир нече үй кыйраганы белгилүү болду.

Өткөн түнү Кривой Рог шаары да Орусиянын чабуулуна кабылды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат жарыялаган сүрөттөрдөн баш кабаттуу үй катуу талкаланганын көрүүгө болот. Бул жерде кеминде сегиз киши жараат алды, арасында кичине балдар бар.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 11-ноябрга караган түнү өлкө аймагына Орусия Shahed согуштук дрондорунан 74тү учурду, аралыктан башкарылуучу Х-59/69 ракеталарынан экөөнү колдонду. Эки ракета тең жана дрондордун 39у Киев, Житомир, Полтава, Сумы, Черкасск, Запорожье, Чернигов, Днепропетров жана Николаев облустарынын аймагынан атып түшүрүлдү.

Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия аёосуз чабуулдарын улантып жатканын, өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда кезектеги кечки кайрылуусунда айтып, бул күнү Орусия согуш башталгандан бери эң көп сандагы дрону менен бутага алганын билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG