Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Казакстанда "Бишимбаев абакта жок" деп тараган маалымат боюнча иш козголду


Куандык Бишимбаев. 2024-жылдын 26-июну.
Куандык Бишимбаев. 2024-жылдын 26-июну.

Казакстанда жубайынын өлүмү үчүн соттолгон мурдагы министр Куандык Бишимбаев кайсы абакта экени белгисиз болуп, анын колонияда жоктугу тууралуу маалымат тараткан авторлор жазага тартылышы мүмкүн экени кабарланды. "Азаттыктын" казак кызматы 11-ноябрда жазгандай, Казакстандын Ички иштер министрлиги ошондой маалыматты жарыялагандар боюнча иш козгоду.

Airan деп аталган YouTube каналдын кабарчылары Бишимбаев камалган Акмоло облусунун Аршалы айылындагы колонияга барып, андан интервью алууга аракет кылышкан. Бирок аталган абактын кызматкерлери андай киши аларда жок экенин айтышкан.

Кабарчылар ушул эле облустун Степногорск айылындагы колонияга да барышкан, ал жактан да мурдагы министр боюнча маалымат ала алышкан эмес.

Ошондон кийин орусиялык Telegram каналдарга Бишимбаев абактан качып кеткени, аны түрмөдөн таба албай жатышканы тууралуу маалымат чыккан.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу комитети мындай маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, жалган кабардын тарашы боюна кылмыш иши козголгонун жарыялады. Бишимбаев жазасын бекем кайтарылуучу абакта өтөп жатканын билдирген мекеме ал кайсы колонияда экенин тактаган жок.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Бишимбаевдин адвокаты Ерлан Газымжановдун айткандарына таянып ал Степногорск кыштагында экенин жазып жатышат.

Бишимбаевди быйыл 13-майда Астананын район аралык кылмыш соту жарандык жубайы Салтанат Нукенованы "өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн" деп 24 жылга эркинен ажыраткан, жаза мөөнөтүн абактын коопсуздугу күчөтүлгөн колонияда өтөөгө жөнөткөн.

Аны менен чогуу соттолгон жакын тууганы Бакытжан Байжанов "Бишимбаевдин кылмышын жаап-жашырган" деген айып менен төрт жылга кесилген.

Окуя былтыр 9-ноябрда болгон. Прокурор мурдагы министр аялын тынымсыз сабаганын, аны өлтүрүп коюп, бир нече саат дарыгер да, полиция да чакырбай, тамак ичип, тааныштары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрө бергенин билдирген. 31 жаштагы Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылган, бирок 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Нукенованын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG