Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:56

МАГАТЭ башчысы Иранга барып, өзөктүк программаны талкуулайт


Рафаэл Гросси.
Рафаэл Гросси.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси 13-ноябрда иш сапар менен Иранга барып, бул өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу 10-ноябрда Ирандын расмий жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасын талкуулоо үчүн Тегеранга баратканын Гросси өткөн аптада айткан. Ошондой эле ал АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен биргелешип иштөөгө үмүттөнөрүн билдирген.

Тегеран МАГАТЭнин бул өлкөгө жөнөтүлүүчү инспекциялык топторунун курамына уранды байытуу боюнча эксперттердин киришине каршылыгын билдирип, расмий айтылбаган объектилерде урандын изи табылган себебин көптөн бери түшүндүрбөй келатканы Ирандын, аталган уюмдун жана Батыштагы державалардын ортосунда чыңалуу жараткан маселе болуп эсептелет.

Батыш Иран өзүнүн өзөктүк программасын куралдануу үчүн өнүктүрүүдө деп эсептейт. 2018-жылдагы маселеден кийин Тегеран бул программасын 2019-жылдан тартып активдештире баштаган.

Ирандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. 2018-жылы АКШ ошол кездеги президенти Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен жыйынтык чыга элек.

Тегеран өзөктүк программасы өлкөдө атом энергетикасын өнүктүрүү гана максатын көздөгөн илимий жана өндүрүш иш-чаралар комплексинен турарын айтууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG