Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Түркия 325 ооган жаранын мекенине кайтарды


Түркиядагы качкындар. Архивдик сүрөт.
Түркиядагы качкындар. Архивдик сүрөт.

Түркия жүздөгөн ооганстандык качкынды мекенине кайтарды. Бул тууралуу 10-ноябрда "Азади" радиосу ооган өкмөтүн башкарып турган "Талибан" кыймылынын маалыматына таянып жазды.

Ооган качкындары жана репатриация иштери боюнча министрлик кабарлагандай, Түркия 300дөн ашуун ооганстандыкты өз өлкөсүнө кайтарды.

Стамбул шаарынан 8-9-ноябрь күндөрү жалпысынан 325 качкын депортацияланып, Ооганстанга учак менен жеткирилгени тууралуу маалымат министрликтин X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө жарыяланды. Миграция боюнча эл аралык уюм алардын ар бирине 150 еврого барабар акчалай жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады.

Депортация кылынгандардын айрымдарынын документи бар, ал эми кээ бирлериники эч кандай расмий документи жок экени белгиленди.

Соңку айларда Түркия Ооганстандан барган качкындарды мекенине кайтаруу ишин активдештирүүдө.

Түрк бийлиги ооганстандык качкындар 300 миңге жакын экенин билдирген. 2021-жылы Ооганстанда бийликке талибдер келгендеги туруксуздук учурунда Анкара качкындар үчүн жаңы лагерлер ачылбай турганын, 2015-жылдагы Жакынкы Чыгыштагы кризис маалында Сириядан эле 3,7 миллион адамды кабыл алганын билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG