Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Комсомолец чокусун "Сөз эркиндиги" деген аталышка өзгөртүү сунушталууда


Журналисттер Комсомолец чокусунан президент Жапаровго кайрылуу жасашты. Кыргызстан. 7-ноябрь, 2024-жыл.
Журналисттер Комсомолец чокусунан президент Жапаровго кайрылуу жасашты. Кыргызстан. 7-ноябрь, 2024-жыл.

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүндө Кыргызстандын бир катар журналисттери жана Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика департаментинин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, 4200 метр бийиктиктеги Комсомолец чокусунун аталышын "Сөз эркиндиги" деп өзгөртүүнү суранышты.

Алардын 4200 метр бийиктиктеги чокунун башынан мамлекет башчыга кайрылуусун Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Кыргызстанда быйылкы басма сөз күнү журналисттер жапырт кармалып, соттолуп, басылмалар бөгөттөлгөн учурда белгиленүүдө. Жыл башында үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен айыпталып, кармалган 11 журналисттин экөө түрмөгө кесилген. Экөө пробациялык мөөнөт менен жаза өтөөдөн куткарылган. Калгандары "аракетинде кылмыш курамы жок" деген негиз менен акталган.

Ушу тапта бир нече журналист, блогер жазгандары, пикири үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, абак жайларында кармалып турат. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган "Клооп Медиа" коомдук фонду сот чечими менен жоюлган.

Эл аралык жана жергиликтүү медиа уюмдар сөз эркиндиги чектелип, кысым күчөгөнүн айтып, бийликке бир нече ирет кайрылуу жолдогон. Президент Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG