Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

Орусияда армян жараны "украин аскерлеринин катарында согушкан" деп айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Армениянын жараны украин аскерлеринин катарында согушкан деген айып менен кармалганын 6-ноябрда "Свобода" радиосу жазды. Армен Балянды Москванын "Домодедово" аэропортунан кармап кетишкени, Орусиянын Тергөө комитети ага каршы "Украинанын аймагындагы куралдуу жаңжалга азгырган жана катышкан" деген негизде кылмыш ишин козгогону маалымдалды.

Тергөө комитети билдиргендей, 2022-жылдын ноябрында Балян Молдованын чек арасы аркылуу Украинага барып, "аймактык коргонуу бөлүгүнүн" курамында Донецк, Луганск жана Херсон облустарынын аймагындагы кармаштарга катышкан.

2024-жылдын августунда ага Орусияда жалданмачылык тууралуу сыртынан айып тагылган жана издөө жарыяланган. Балянды "Орусиянын аймагына кирүүгө аракет кылып жаткан учурда" колго түшүрүшкөн.

Балян ага тагылган айыпты моюнуна алганы кабарланды, өзү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG