Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

ТМУнун Жарандык коргонуу макулдашуусуна кол коюлду


Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн желектери. Бишкек. ноябрь, 2024-жыл.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн желектери. Бишкек. ноябрь, 2024-жыл.

Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында уюмдун Жарандык коргонуу механизмин түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Документке Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, макулдашуунун негизги максаты – ТМУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана башка мамлекеттердин аймагында өзгөчө кырдаалдар же күтүүсүз кырсыктар катталганда ыкчам чараларды кабыл алуу үчүн биргелешкен аракеттерди координациялоо.

Документ түрк мамлекеттеринин Жарандык коргонуу боюнча кызматташтыгын өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп саналат.

Макулдашуу ТМУнун саммитинин алкагында түзүлдү.

6-ноябрда Бишкекте ТМУнун “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталыштагы саммити өттү. Анда жалпысынан 16 документке кол коюлду.

ТМУга 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кылат.


Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан да кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (ZКo)

Шерине

XS
SM
MD
LG