Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Орусияда Путинди сындаган улутчул активисттин өкүмү өзгөрүүсүз калды


Игорь Стрелков (Гиркин).
Игорь Стрелков (Гиркин).

Орусияда Жогорку соттун чечими менен Донецкидеги орусиячыл жикчилердин мурдагы башчысы Игорь Стрелковдун (Гиркин) өкүмү күчүндө калтырылды. 6-ноябрда бул тууралуу "Свобода" радиосу жазды.

"Экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасаган" деген айып менен былтыр июнда кармалган Стрелков быйыл январь айында жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга кесилген.

Жогорку соттун отуруму жабык өттү. Азыркы тапта Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мурдагы кызматкери Стрелков Киров облусундагы №5 колонияда отурат.

Тергөөчүлөр анын Telegram каналындагы эки постунда экстремизмге чакырык бар экенин билдиришкен. Өзү тагылган айыпты моюнуна алган эмес.

Тергөө абагында отурган кезде Стрелков быйылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Тарапташтарын анын талакерлигин көрсөтүү, каражат чогултуу өнөктүгүн баштоого чакырган, бирок бул аракети ишке ашкан эмес.

Камакка түшкөндөн кийин Стрелков аны фронтко жөнөтүүнү бир нече жолу өтүнгөн. Орус бийлиги абактагыларды Украинадагы согушка көп жөнөтүп жатканына карабастан ага мындай укук берилген эмес. Стрелков өзү жана тарапташтары буга бийликтин тыюусу негиз болгонун айтышкан.

Стрелков жетектеген отряд 2014-жылы апрелде Украинанын Славянск шаарын ээлеп алган. Донбасстагы чыр ошол окуядан кийин башталган. Май-август айларында ал өзүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алган аймактын "коргоо министри" болгон. Орусияга кайткандан кийин анын бийлик менен мамилеси бузулган. Орус бийлигин, президент Владимир Путинди Донбасстагы согушту "жетиштүү деңгээлде жүргүзбой жатышат" деп айыптаган.

2022-жылдын ноябрында Стрелков Гаага сотунун чечими менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан соттолгон. Буга ал2014-жылдын июлунда 298 адамдын өмүрү кыйылган учак кырсыгына тиешеси бар экендиги тууралуу айып негиз болгон. Стрелков мындай айыптоону четке кагууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG