Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Украина Орусия Курскиде 45 миң аскерин топтоп турганын билдирүүдө


Александр Сырский президент Владимир Зеленскийге маалымат берүүдө. Архив сүрөт.
Александр Сырский президент Владимир Зеленскийге маалымат берүүдө. Архив сүрөт.

Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусуна 45 000 аскерин жайгаштырганын, алар аталган аймактагы украин аскерлерин сүрүп чыгаруу максатында контрчабуул үчүн колдонулушу ыктымал экенин бүгүн 6-ноябрда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди. Анын айтымында, Москва күчүн Түндүк Кореядан барган аскер кызматкерлеринин эсебинен бекемдөөгө аракет кылууда.

Сырскийдин мындай билдирүүсү Орусияда парламенттин жогорку палатасы Федерация Кеңеши Пхеньян менен түзүлгөн аскердик жардам тууралуу келишимди ратификациялаганы белгилүү болгон күнү жарыяланды.

АКШ түндүк кореялык кеминде 10 000 аскер Орусияга барганы анык экенин маалымдаган.

"Душман ал жерге 45 000 аскерин жайгаштырды. Алардын санын дагы көбөйтүүгө аракет кылууда. Орусиянын өзүнүн аскери бул багыттта жетишсиз болууда, ошондуктан ал жакка Түндүк Кореянын аскерлерин тартууга аракет кылып жатышат", - деп жазды Сырский Telegram каналына.

Украина Орусиянын Курск облусунда 1 000 чарчы чакырым жерди ээлеп турганын айтууда. Ал жакка украин аскерлери быйыл 6-агустта кирип барышкан. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген.

Сырскийдин айтымында, Украина Курскиге кирген күндөн тартып 7 905 орус аскерин жок кылды, дагы 12 220сы жараат алды, 717си туткунга түштү. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

6-ноябрда Украина Одесса, Николаев, Киев, Сумы, Кировоград, Житомир, Черкасск, Чернигов жана Запорожье облустарында Орусия учурган 63 согуштук дрондун 38и атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Запорожье облусунун жетекчилиги Орусиянын соңку ракета чабуулунан кийин каза тапкандар жети кишиге жеткенин, жараат алгандар 25 киши экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG