Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Садыр Жапаров Дональд Трампты куттуктады


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланышы менен куттуктап, телеграмма жолдоду.

Анда Садыр Жапаров Дональд Трамптын лидерлик тажрыйбасы жана терең билими Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө үмүт артарын билдирген. Эки элдин "байгерчилиги жана келечеги үчүн алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз" деген ишеничин билдирген.

Президент Жапаров Кыргызстан менен Американын көп багыттуу кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалап, Дональд Трампка бекем ден соолук, ал эми АКШ элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты АКШ президенти болуп шайланышы менен Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын ичинен алгачкылардан болуп куттуктады.

АКШда президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан катышкан талапкер, өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамп шайлоодо утуп чыкканын Флорида штатында шайлоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө жарыялады.

Трамптын атаандашы, Демократтар партиясынан талапкер, азыркы вице-президент Камала Харристин шайлоо штабы добуштардын баары толук эсептелип бүтүшүн күтөрүн жана ал элге 6-ноябрдан калбай кайрылуу жасарын маалымдаган.

Азыркы саатка карата Трамп АКШнын 47-президенти болуп шайланышы үчүн зарыл шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун ала элек, бирок негизги штаттардагы жыйынтык ал алдыда экендигин көрсөтүүдө.

Трампты бир нече өлкөнүн лидери, анын арасында Украинанын президенти Владимир Зеленский куттукташты. Зеленский Трамптын "күч аркылуу тынчтыкка жетүүгө" карай умтулуусун баалай турганын айтып, "дал ошондой принцип Украинада адилет тынчтыктын орношун иш жүзүндө жакындатууга жардам берерин" белгиледи.

Республикачылар Сенаттагы шайлоодо да көпчүлүктү ээлөөдө.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG