Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Бишкекте окуучунун апасынан тил уккан мугалим жумуштан кетти


Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Окуучунун апасы тилдеген Бишкектеги №57 мектептин тарых сабагынан берген мугалими жумуштан кетти. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 6-ноябрда мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкованы кабыл алганда белгилүү болду.

Министрликтин басма сөз кызматы Догдуркүл Кендирбаева мугалимдин укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскертип, бул окуядан кийин жумуштан кетүүгө аргасыз болгон мугалимдин ишке кайтып келүүсү боюнча иш алып баруу тапшырсын бергени айтылды.

Мунун алдында министрлик №57 мектепте тарых мугалими менен ата-эненин ортосундагы окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деп кабарлаган.

Социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген. Окуучунун апасы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG