Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

АКШ Сенатына шайлоодо республикачылар жеңүүдө


АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

АКШда Сенат шайлоосунда Республикачылар партиясы көпчүлүктү ээлөөдө. Аталган партия Огайо жана жана Батыш Виржиния штаттарында жеңишке жетти.

Ал эми Конгресстин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр палатасында көпчүлүк азырынча аныктала элек.

Бул шайлоого чейин жогорку палата Сенатты Демократтар партиясы көзөмөлдөдү (100 орундун 51ине ээлик кылды). Республикачылар Өкүлдөр палатасында бир аз көпчүлүккө ээ. Алардыкы 213 орун, ал эми демократтардыкы 220. Палатаны башкаруу үчүн 218 орун зарыл.

5-ноябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен АКШнын кезектеги президенти ким болору, Өкүлдөр палатасындагы бардык 435 орунду алдыдагы эки жыл жана 100 орундуу Сенаттын үчтөн бирин алты жыл ким ээлей турганы аныкталат. Мамлекет башчысы төрт жылга шайланат. Конгресстин жаңы курамы ишке жаңы жылдан тарта киришет. Президенттик шайлоодо мурдагы башчы Дональд Трамп жана азыркы вице-президент Камала Харрис ат салышууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG