Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

Түрк мамлекеттери Улуттук банктар кеңешин түздү


Түрк тилдүү мамлекеттердин Улуттук банк башчылары. Бишкек. 6-ноябрь, 2024-жыл.
Түрк тилдүү мамлекеттердин Улуттук банк башчылары. Бишкек. 6-ноябрь, 2024-жыл.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү меморандумуна кол коюлду. Документ Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында түзүлдү.

Меморандумга Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Азербайжан Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымов, Казакстан Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов, Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан жана Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов кол коюшту. Бул тууралуу 6-ноябрь күнү Кыргызстандын Улуттук банкы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган кеңеш - түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн улуттук банктарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен кеңешмелерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.

6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити өтүп жатат. Бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтөрү кабарланган.

Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.


Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG