Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

АКШдагы шайлоо: Жарандар добуш берүүдө


Дональд Трамп жана Камала Харрис.
Дональд Трамп жана Камала Харрис.

5-ноябрда америкалыктар тарыхый президенттик шайлоодо добушканаларга барып, өз тандоосун жасай баштады. Бул ирет республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, вице-президент Камала Харристин кимиси жеңери улуттук деңгээлде жана жети “селкинчек” штатта аныкталат.

Добушканалар өлкөнүн чыгышындагы айрым штаттарда таңкы саат 5те ачылды, батыш аймактагы алыскы штаттарда, анын ичинен Аляскада жана Гавайиде кечки сааттарга чейин иштейт.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы бардык добушканалар жабылгандан кийин бир нече күн өткөн соң гана белгилүү болот деп болжолдонууда. Анткени Пенсильвания сыяктуу айрым штаттарда почта менен жөнөтүлгөн бюллетендерди эсептөөгө убакыт талап кылынат.

Бул жолку шайлоого америкалыктардын катышуусу жогору болот деп белгиленүүдө.

Добуш берүүнү уюштурууга жооптуу федералдык кызматкерлер Орусия жана Иран америкалык шайлоочулар арасында араздашуу, кызматкерлерге зомбулук көрсөтүү маанайын жаратуу үчүн шайлоого таасир этүү өнөктүгүн күчөткөнүн 4-ноябрдын кечинде эскертишти.

Республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трамп ушуну менен шайлоого төртүнчү жолу катышууда. 2020-жылы ал азыркы президент Жо Байденге утулуп, экинчи мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. 2024-жылы Байден шайлоого аттанган, бирок июль айында теледебатта Трамп менен беттешкенде өзүн жакшы көрсөтө алган эмес. Анын жаш курагына байланыштуу кооптонуулардан улам талапкерлигин токтоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG