Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Германия орусиялык миллиардер Усмановго каршы тергөөсүн токтотту


Алишер Усманов Владимир Путиндин жанында.
Алишер Усманов Владимир Путиндин жанында.

Германияда орусиялык олигарх Алишер Усмановго коюлган "арам акчаны адалдоого аракет жасоо" деген айып боюнча териштирүү токтотулду, бирок ал 4 миллион евро (4,36 миллион доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттүү болот. Бул тууралуу 4-ноябрда Франкфурт прокуратурасы билдирди.

71 жаштагы Усмановдун бул каражаты кайрымдуулук уюмдарына жана мамлекетке төгүлөт. Мекеме Усманов шектелген ыктымал мыйзам бузуулар Германия мамлекетине, Гессен аймагына жана бул өлкөдөгү адамдарга же мекеме-ишканаларга эч кандай каржылык залака тийгизбегенин белгиледи.

Тергөө 11-октябрда убактылуу токтотулганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна башкы прокурор Георг Унгефук тастыктады.

4 миллион евронун 1,5 миллиону кайрымдуулук уюмдарына, калганы мамлекетке чегерилмей болууда.

Усмановдун адвокаттары 2,5 жылдан берки тергөө ага карата коюлган негизги, анын ичинде арам акча тууралуу айыптарды далилдей албаганын айтышты.

Bloomberg компаниясынын миллиардерлер боюнча индексине ылайык, байлыгы 14,4 миллиард доллар деп эсептелген Усмановго байланыштуу Германиядагы териштирүү 2023-жылы башталган. Анын наркы дээрлик 600 миллион долларлык суперяхтасы 2022-жылдын март айында камакка алынган.

Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту быйыл сентябрь айында Усмановдун 2 миллиард гривнадан (48,2 миллион доллар) ашуун каражатка барабар активдерин конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Алишер Усманов Орусиянын өзбек тектүү эң бай адамдарынын бири. Forbes анын байлыгын 13,4 миллиард еврого баалаган. Орусия Украинага кол салгандан кийин ага каршы санкцияларын Европа Биримдиги, АКШ жана Улуу Британия жарыялашкан. Германия бийлиги камакка алынган 588 миллион долларлык Dilbar яхтасы анын бир тууганына таандык экенин билдирген.

Forbes журналы 2022-жылы анонимдүү эксперттин: "Усманов бир нече жолу Путиндин абийирин жаап, анын бизнес көйгөйлөрүн чечкен", - деген сөзүн жарыялаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG