Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Спикер Шакиев камактагы журналисттердин маселесин көтөрөрүн айтты


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сот жообуна тартылып абакта жаткан журналисттердин маселесин көтөрө турганын билдирди. Бул тууралуу спикер 5-ноябрда парламентте 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтты.

Анда журналист Бакыт Орунбеков соттолгон журналисттерди бошотуу керек экенин билдирип, бийлик ырайымдуу болуп, мыйзамдарды эске алышы зарыл экенин кошумчалады.

“Жаңылып-жазып ушундай учурга дуушар болгон кесиптештер боюнча маселени сөзсүз карайбыз. Бирок бул кийинкилерге сабак болуп, жоопкерчилик эмне экенин билишибиз керек. Бирөөгө акаарат келтирүү, айрыкча мамлекеттин атына шек келтирүү туура эмес экенин сезиш керек. Мен муну айтам. Бул маселени карайбыз. Мыйзамдын чегинде, балким, жеңил-желпи иш-чара менен бул маселени чечебиз”, - деди Нурланбек Шакиев.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

“Алга Медианы” иштетип келген Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган.

Ушул тапта дагы бир журналист, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу да Кылмыш-жаза кодексинин “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” жана “Опузалап талап кылуу” беренелери менен шек саналып тергөө абагында жатат.

2-ноябрда АКШнын, Улуу Британиянын жана Австралиянын Кыргызстандагы элчиликтери кыргыз бийлигин көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоого жана кесиптик ишмердигин толук кандуу аткаруу үчүн журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG