Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:14

Жарым жылда 10 миңден ашуун кыргызстандык Орусиядан чыгарылды


Шереметьево аэропорту, Москва. 23-октябрь, 2024-жыл
Шереметьево аэропорту, Москва. 23-октябрь, 2024-жыл

Быйыл жарым жылда Кыргызстандын 9 901 жараны Орусиянын аймагынан чыгарылып, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Азаттыкка" билдирди.

Мекеме Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, кыргызстандыктар ар түрдүү административдик мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу сот органдарынын чечими менен чыгарылганын белгиледи.

ТИМ Орусиянын аймагындагы коопсуздук чаралары жана антитеррористтик коргоо режими күчөтүлгөнүнө байланыштуу аэропорттордогу текшерүүлөргө Москвадагы элчилик тынымсыз анализ жүргүзүп жатканын белгиледи.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын июнь-август айларында ар кандай себептерден улам Кыргызстандын 300гө жакын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылды.


Быйыл жазында "Крокус Сити" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн кармалгандардын көбү тажикстандык мигранттар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда Борбор Азиядан баргандарга мамиле катаалдаган.

22-октябрда Ош-Москва багыты менен Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран Орусияга киргизилбей, артка кайтарылганы кабарланган. 5-октябрда Ош-Москва аба каттамы менен Москвага барган жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы Орусияга кире албай калган.

Орусия мигранттарды Украинадагы согушуна да түрдүү шылтоо менен тартууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG