Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолорго кар жаайт


Ала-Арча
Ала-Арча

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-8-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6°, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

6-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…16;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 10…15;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 12…17;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10° , күндүз 14…16° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG