Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Журналист Адыл Акжол уулуна коюлган айып өзгөртүлдү


Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулуна негизги кылмыш иши боюнча коюлган айып өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Назик Ажымаматова билдирди.

Анын сөзүнө караганда, лингвистикалык экспертиза “Адыл Акжол уулунун сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык жок” деп чыккан. Ушундан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен тагылган айып “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренесинин 2-бөлүгү “Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу” деген кинеге алмаштырылды.

Журналисттин иши 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өтүп, баштапка соттук угуу 19-ноябрга дайындалды. Адыл Акжол уулунун камакта мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды.

Адвокат Назик Ажымаматова журналисттин кармалышына быйыл июлда каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу видео себеп болгонун “Азаттыкка” билдирген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы сентябрь айында журналистке Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр, саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат.

Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган, Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып, өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан, Акжол уулу маекти сындап комментарий жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтышкан.

Айтурган Маматкулованын бир жыл мурда турмуш курган жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтса, келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп жатат. Келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен иш козголгон.

Анын жолдошу 1-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. (BTo/ MKt)

XS
SM
MD
LG