Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Акылбек Жапаров экономика Кумтөрдү эсепке албаганда да өсүп жатканын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын үчүнчү кварталында ички дүң өнүм (ИДӨ) 8,4% өскөнүн, Кумтөрдү эсепке албаганда 9,7% болгонун билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы 4-ноябрда “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” улуттук өнүктүрүү форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Мурда жалаң Кумтөргө көз каранды болчубуз. Азыр биздин экономика Кумтөр жок эле туруктуу өнүгүп атканын көрүп атабыз. Бул ишкана ага кошумча булак берип жатат”, - деди ал.

Быйыл тогуз айда Кумтөр алтын кенин казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы салык жана башка төлөмдөр менен мамлекеттик бюджетке 10 млрд 37 млн сом төккөн. Бул убакыт аралыгында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылганы, бул белгиленген пландан 81 килограммга көп экенин кабарланган.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган. Мамлекетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которгон.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG