Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Газада барымтага алынган 101 адамдын жарымы каза болгону кабарланды


Газа тилкесинде палестиналык согушкерлер тарабынан барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү митингге чыгышкан. 2-сентябрь, 2024-жыл, Тель-Авив.
Газа тилкесинде палестиналык согушкерлер тарабынан барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү митингге чыгышкан. 2-сентябрь, 2024-жыл, Тель-Авив.

АКШ жана Евробиримдик тарабынан террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС тобу Газа тилкесинде барымтада кармалып турган 101 израилдиктин 51и гана аман калганын Israel Hayom басылмасы ички булактарына шилтеме берип жазды. Буга чейин Израил бийлиги барымтадагылардын 37си өлгөнүн ырастаган.

Басылма барымтадагылардын өлүмү тууралуу кабар атайын кызматтын маалыматтарына негизделип жазылганын кабарлады. Израилдин расмий өкүлдөрү барымтадагылардын кармалган шарттарын эске алуу менен каза болгондордун саны мындан көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 адамды барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары аймактагы Иран колдогон күчтөр. Израил алардын бир катар жетекчилери жок кылынганын жарыялаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери тилкеде 43 миңге чукул адам каза болду. (AiA)

XS
SM
MD
LG