Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Украина менен Орусия бири-бирин дрон менен аткылады


Орус дронунун 2-ноябрдагы соккусунан кийин Киевдин үстүндө кара түтүн көтөрүлүп турат.
Орус дронунун 2-ноябрдагы соккусунан кийин Киевдин үстүндө кара түтүн көтөрүлүп турат.

3-ноябрга оогон түнү Орусия менен Украина бири-бирине дрон менен чабуул койгону кабарланды. Түнкү чабуулдар Киевдеги бир катар имараттар менен электр чубалгыларын зыянга учураткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина 20 учкучсуз аппарат менен өлкөнүн түштүгүнө чабуул жасап, алардын баары атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулу 3-ноябрга оогон түнү, орус армиясы согуш талаасында чабуулун тездетип, Донбасста Украинанын аскерлерин сүрүп бараткан маалга туш келди.

Киевде жана анын жака-белинде түн ичинде аба айгайы жаңырып турган. Киевдин расмий бийлиги аткылоодон жабыр тарткандар жок экенин билдирди.

Орусия тарап жер-жерлерде кандайдыр бир кыйроолор тууралуу кабарлай элек. (KbA)

XS
SM
MD
LG