Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:04

Топчугүл Шайдуллаева Эл жазуучусу болду, режиссерлор "Даңк" медалын алды


Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева президент Садыр Жапаров менен. 2-ноябрь, 2024-жыл.
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева президент Садыр Жапаров менен. 2-ноябрь, 2024-жыл.

Жазуучу, публицист Топчугүл Шайдуллаева Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу болду. Кинорежиссерлор Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров “Даңк” медалы менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар өнөр адамдарына, жазуучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ага ылайык, Кыргыз улуттук филармониясынын артисти Анапия Райымбековага, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Анара Сыдыгалиевага, “Акак” комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси Ирина Суеркуловага Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылды.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Албина Имашова, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Света Абдыкадырова, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасынын жетектөөчү чебери Фарух Садыркулов жана Кыргыз улуттук филармониясынын артисти Азим Шаршебаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болушту.

Ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу Анара Искаковага,Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат саясаты башкармалыгынын башкы адиси Шеримбек Кумаевге, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру Назгүл Мусаева, Улуттук маданий борбордун эл чыгармачылыгы, балдардын музыкалык билими жана маданий мурастары башкармалыгынын башкы адиси Нарынкүл Шералиевага берилди.

“Даңк” медалы менен “Сейтек” улуттук борборунун “Шаттык” элдик үлгүлүү хореографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси Эрик Латыпов сыйланды.

Мындан тышкары маданий мекемелердин бир катар кызматкерлерине, театрдын актёрлоруна "Ардак грамота" ыйгарылды.

Сыйлоо аземи 2-ноябрда өтүп, президент Садыр Жапаров маданият тармагы ар тараптан колдоого алынганын, маданият үйлөрүндөгү техникалык каражаттарды жаңыртып, театр, оюн-зоок мекемелерин жаңы репертуарлар менен толуктоого жана сахна костюмдарын тиктирүүгө, гастролдорду уюштурууга шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG