Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:30

“Коопсуз шаар” долбоору “Коопсуз өлкө” болуп өзгөртүлөт


Бишкекте көчөгө орнотулган көзөмөл камерасы.
Бишкекте көчөгө орнотулган көзөмөл камерасы.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында кыргыз милициясынын 100 жылдык маарекесине уюштурулган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө “Коопсуз шаар” долбоору эми “Коопсуз өлкө” долбоору болуп Кыргызстандын бардык аймактарына жайылтыларын айтты.

Бул иш Ички иштер министрлигине (ИИМ) жүктөлгөнүн жана мекеменин буга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Садыр Жапаров быйыл сентябрь айында “Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге өткөрүп берген. Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйыл 16-сентябрда иштей баштады. 60 жерге камера орнотулуп, жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пулдар салынат.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG