Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Израил Газада ХАМАСтын дагы бир лидери өлтүрүлгөнүн билдирди


Газанын түштүк тилкеси. Сентябрь, 2024-жыл.
Газанын түштүк тилкеси. Сентябрь, 2024-жыл.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) лидерлеринин дагы бири Изз аль-Дин Кассаб өлтүрүлгөнүн билдирди.

Ал жардамчысы менен Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис аймагында аба соккусунан набыт кеткени айтылды. Маалымат боюнча, Кассаб ХАМАСтын сектордогу башка топтор менен стратегиялык жана аскердик карым-катышы үчүн жооптуу адам болгон. ЦАХАЛ ал ХАМАСтын Газа тилкесинде тирүү калган акыркы жогорку жетекчилиринин бири экенин кабарлады.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 адамды барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары аймактагы Иран колдогон күчтөр. Израил алардын бир катар жетекчилери жок кылынганын жарыялаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери тилкеде 43 миңге чукул адам каза болду. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG