Украинанын борбору Киевде учкучсуз аппараттын сыныктары турак жайга түшүп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу шаардын мэри Виталий Кличко Telegram каналына жазды.
Анын сөзүнө караганда, алардын бири ооруканага жаткырылып, экинчисине медициналык жардам көрсөтүлдү.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы борбордун Святошина районунда дрон чабуулунан улам чыккан өрт өчүрүлгөнүн кабарлады. Куткаруучулар өрт чалган үйдүн 18 тургунун коопсуз жайга алып чыкканы, бир адам жабыркаганы айтылды.
Киев шаардык аскер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орусиянын учкучсуз учактарынын сыныктары Киевдин Соломенск, Святошинск жана Днепровск райондоруна да түшкөн.
Андан тышкары 1-ноябрдын кечинде Орусиянын дрону Сумы облусунда 9 кабат үйгө тийип, беш адам жараат алды. Алардын арасында кош бойлуу аял бар. (BTo)
Шерине