Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Орусия АКШ консулдугунун мурдагы кызматкерин беш жылга соттоду


Роберт Шонов сотто.
Роберт Шонов сотто.

Орусияда АКШнын Владивосток шаарындагы башкы консулдугунун мурдагы кызматкери соттолду. Аймактын сот мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Приморье крайынын соту Роберт Шоновго коюлган "чет мамлекет менен жашыруун кызматташуу" деген айыпты жүйөлүү деп таап, 4 жыл 10 айга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары Шонов 1 млн рубль төлөөгө милдеттендирилди жана абактагы жаза мөөнөтү аяктагандан кийин да 1 жыл 4 айга эркиндиги чектелери белгилүү болду.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Шонов "АКШнын Орусиядагы элчилигинин маалымдоочусу катары" 2022-жылдын сентябрынан бери кармалганга чейин "Орусиянын атайын аскердик операциясынын жүрүшү, мобилизациялоо жараяны, анын көйгөйлүү өңүттөрү, 2024-жылдагы президенттик шайлоо алдында элдин арасындагы нааразылык маанайга таасири тууралуу" маалымат чогултуп жүргөнүн кабарлаган.

Шоновдун 400 миң рублга жакын акчасын жана "кылмыш жасоо үчүн колдонгон" деген электрондук каражатын тартып алып коюшкан.

62 жаштагы Шонов 2023-жылдын жазында кармалган. Ал иштеген башкы консулдук 2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылып калган. Бир жылдан кийин аталган америкалык мекеме кызматкер жетишсиздигинен улам ишин кайрадан уланып кете албай жатканын жарыялаган, ал эми башкы консул Луис Кришок Орусиядан чыгып кеткен. Шонов консулдук жабылгандан кийин Москвадагы элчиликтин ишин тейлеген компаниялардын бирине орношкон.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Шоновдун кармалышын айыптаган жана ага тагылган кинени негизсиз деп атаган. Мекеменин билдирүүсүндө Шонов жаңы компанияда "орусиялык мыйзамдарга жана укук-ченем актыларына толук жооп берүүчү" шартта иштегени жана кызматтык милдетине ылайык орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган ачык маалыматтарды чогултуу менен гана алектенгени белгиленген.

Орусияда "чет мамлекет, эл аралык же чет өлкөлүк уюм менен ачык эмес кызматташуу" тууралуу берене 2022-жылдын июль айында пайда болгон. Эгер сот ушундай айып менен кармалган кишини күнөөлүү деп тапса, ал 3-8 жылга эркиенен ажыратылат.

Орусия 2022-жылдын февралында коңшусу Украинага кол салып, согуш ачканын согуш эмес, "атайын аскердик операция деп атаган". (RK)

XS
SM
MD
LG