Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Чүйдө 17 жаштагы кыздын өлүмүнө өгөй атасы шектелип кармалды


Чүйдө 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү катары 52 жаштагы өгөй атасы Ысык-Көл облусунан кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 43 жаштагы аял кайрылып, анын жолдошу автоунаасы менен 17 жаштагы кызын уурдап кеткенин айтып арызданган.

Милициянын ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында шектүү Ысык-Көл облусунда жүргөнү аныкталып, өзүнүн өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

“Шектүү тарабынан өлтүрүлгөн, 2007-жылы туулган (өгөй кызы) Д.П.нын сөөгү Чүй облусунун аймагынан табылган”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Учурда факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122 -беренеси ("Адам өлтүрүү") жана 165-беренеси ("Адамды уурдоо") менен иш козголуп, тергөө уланып жатат.

Кылмышка эмне себеп болгону айтыла элек.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

Ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).

Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Анда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо маселеси камтылган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG