Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

Яшин Украинадагы согушту токтотуу, Путинди кетирүү аракети башталганын айтты


Илья Яшин.
Илья Яшин.

Кремлдин оппоненти, быйыл жайында туткун айырбаштоо жолу менен орус абагынан чыккан Илья Яшин түрмөдөн бошонгон дагы бир саясатчы Владимир Кара-Мурза жана абакта каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная менен бирге Владимир Путинди кызматтан кетирүү максатында чет жактагы орусиялыктарды бириктирүү аракетин баштаганын билдирди. 29-октябрда "Настоящее времяга" курган маегинде ал топтун аракети чет өлкөлөрдөгү жана Орусиянын өзүндөгү жарандарды Кремлдеги азыркы жетекчиликке жана анын Украинадагы согушуна каршы жетелөөгө багытталарын белгиледи.

"Биз эч кандай бирдиктүү лидери болбой турган, структурага салынып чектелбей турган, согушка каршы бирикмени, демократиячыл орусиялыктардын эл аралык кыймылын түзө аларыбызга үмүттөнөм", - деди Яшин.

17-ноябрда алар Германиянын борбору Берлин шаарында "согушка каршы чоң демонстрация" уюштурары белгилүү болду.

"Бул Украинадан орус аскерлерин чыгаруу, Владимир Путинди согуш кылмышкери катары соттоо жана бардык саясий туткундарды боштондукка чыгаруу талабы коюла турган марш болот", - деп жазды Яшин Telegram каналына.

Орусиянын аймагында нааразылык акциясын өткөрүү азыр мүмкүн эместигин белгилеген Яшин: "Биз тынчтыкты, эркиндикти жактаган жана цивилизациялуу Орусия дагы эле бар экенин көрсөтө алабыз", - деп кошумчалады.

Яшин орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин мекенинде “фейк маалымат тараткан” деп айыпталып, 8,5 жылга кесилген.

Кара-Мурза "орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо" деген сөзү үчүн 25 жылга соттолгон.

Навальный Кремлдин, Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган. "Коррупцияга каршы фонд" түзгөн саясатчы 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Орусиянын алыскы аймактарынын биринде түрмөдө кармалган. Быйыл 16-февралда абакта каза болгон. Жубайы Юлия Навальная маркум күйөөсүнүн ишин улантарын жарыялаган.

Быйыл 1-августта жети өлкөдө (АКШ, Германия, Польша, Норвегия, Словения, Орусия жана Беларус) абакта отурган жалпысынан 26 киши айырбашталган. Алардын 10у, анын ичинде жашы жете элек экөө Орусияга, 13ү Германияга, үчөө АКШга өткөрүлүп берилген. Айырбаштоо жараяны Анкара шаарында өткөн. Орусия чет жакта адам өлтүрүү, тыңчылык үчүн айыпталган жарандарын кайтарып алган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG