Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:20

Газада Израилдин аба соккусунан 88 кишинин өмүрү кыйылды


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунда Израилдин соккуларынан бүгүн 30-октябрда кеминде 88 кишинин өмүрү кыйылганын Associated Press (AP) маалымат агенттиги жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесине таянып кабарлады.

Анклавдын түндүк тилкесине эки жолу абадан чабуул коюлганы, каза болгондор арасында ондогон аял жана бала бар экени маалымдалды. Доктурлардын айтымында, өткөн дем алыш күндөрү израилдик аскерлер жүргүзгөн рейд учурунда жергиликтүү оорукананын ондогон медицина кызматкери кармалгандыктан жарааты оор көптөгөн бейтаптар каралбай, жардам ала албай жатат.

Израил Газанын түндүгүндөгү жердеги масштабдуу операциясын, абадан соккуларын соңку эки аптадан бери күчөтүүдө жана негизги максаты ХАМАС тобун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жок кылуу экенин билдирүүдө.

Эл аралык гуманитардык жана укук коргоо уюмдары сектордун түндүгүндө азыркы тапта миңдеген палестин тургуну оор гуманитардык абалда жашап жатканын кабарлоодо. Израил Газадагы азыркы операциясын бир жыл мурда ХАМАСтын куралдуу кол салуусуна кабылып, бир күндө 1200дөй адамынан ажырагандан кийин баштаган. Ошол эле күнү 250дөй адамды Газага барымтага алып кетишкен. Операция башталгандан бери Газада, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, 43 миңдей өмүр кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG