Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Норвегия Украинага берген жардамы үчүн Румынияга 127 миллион доллар бөлдү


Patriot системасы. Архив сүрөт.
Patriot системасы. Архив сүрөт.

Норвегия өкмөтү Румынияга 127 миллион доллар бөлүп жатканын жарыялады. Бул каражат Румыниянын НАТОнун мүчөсү катары Украинага жардам көрсөтүү максатында ракетадан коргоочу Patriot системасын берип, анын ордуна жаңысын сатып алууга кете турган чыгымынын бир бөлүгүнүн ордун толтурууга жумшалат.

Башында Бухарест АКШда жасалуучу мындай системасын Украинага бергени туура болобу же жокпу деп талкуулап жатканы маалымдалган. Украина Румыниядан Patriot алганын быйыл июнь айында ырастаган.

2017-жылы Румыния Patriot батареяларынан жетөөнө (жалпы баасы 4 миллиард долларлык) буюртма берген. Азыркыга чейин андай системалардан төртөө колуна тийген. Украинага бирөөнү бергенден кийин калган үчөөнүн экөө пайдаланууда турат. Patriot батареясынын ар биринин наркы 400 миллионго жетет.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы согушуп келе жатат. Курал-жарак жана каржы жагынан Батыштагы өнөктөштөрү жардам берүүдө. Өлкө НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болуу аракетин көрүүдө. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG