Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Баткендин Зардалы айылында уюлдук байланыш иштей баштады 


Зардалы айылы. Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Зардалы айылы. Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылына мамлекеттик “Мега” компаниясы уюлдук байланышын жеткирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

30-октябрда “Мега” компаниясынын башкы директору Элнар Субакожоев Зардалы айылынан телефон аркылуу видео байланышка чыгып, маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Зардалы айылына барып, эл менен жолугушукан. Анда тургундар уюлдук байланыш маселесин чечип берүүнү өтүнүшкөн. Жапаров келерки жылы кыштакка баруучу жол салына баштаарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.

Өткөн аптада акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Зардалыдагы мектеп окуучуларынын билимге болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырган. Омбудсмендин аймактагы өкүлү бул айылда жашагандардын укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүп келгенин, тургундар оорукана, медициналык түйүн, электр жарыгы жок жашап жатканын айткан.

Былтыр Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Зардалыга кеткен жалгыз жолдун тар тилкелери тазаланып, кеңейтилгенин маалымдаган. 2022-жылы "Кыргыз интернет коому" ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында бул айылга интернет байланышын жеткирген.

Баткендин борборунан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо боорундагы кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана жүздөй адам гана туруктуу жашайт. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG