Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Кытайлык туристтер тобу Кыргызстанда 21 күн визасыз жүрө алат


Кыргызстан менен Кытайдын желеги
Кыргызстан менен Кытайдын желеги

Министрлер кабинетинин 28-октябрдагы токтому менен Кыргызстанга Кытайдан келүүчү туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизилди. Токтом тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги 30-октябрда маалымат берди.

Ага ылайык, Кытайдан алдын ала бекитилген туристтик программа менен келген бештен 25ке чейинки адамдар тобу өлкөгө визасыз кирип, 21 күн жүрө алышат. Алардын колунда кайтып кетүүчү авиабилети болууга тийиш. Аларга Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин кайра туристтик программа менен өлкөгө визасыз кирүү укугу берилет.

Кытайдын туристтерине Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берүү эки өлкө кызматташтыгын жана достугун бекемдөө, туристтердин агымын көбөйтүү жана экономиканы өнүктүрүү максатында ишке ашырылып жатканы кошумчаланган.

Кытайдан Кыргызстанга келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилип жатканын Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 28-октябрда “Кытай - Борбор Азия” XI кызматташтык форумунун алкагында Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирген.

Кыргызстан буга чейин Кытайдын бир катар аймактарынын тургундарына визасыз режим киргизген. Ага ылайык, Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG