Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:29

Мэр Жунушалиев жаңы ат майдандын курулушу жазында башталарын айтты


Ат майдандын азыркы көрүнүшү. Сокулук. 30-октябрь, 2024-жыл.
Ат майдандын азыркы көрүнүшү. Сокулук. 30-октябрь, 2024-жыл.

Бишкектин батыш тарабына жайгашкан жаңы ат майданын курулушу 2025-жылы апрель, май айларында башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 30-октябрда ат майданга барган учурда билдирди:

Мэрдин сөзүнө караганда, жаңы ат майдандын курулушуна эски ипподромдун жеринин сатылышынан түшкөн каражат сарпталат.

“Азыр архитектура кызматына долбоорлоого бердик. Эски “Ак кула” ат майданын сатканыбыз тууралуу маалымат бар, билесиңер. Ошол каражаттан Бишкек шаарына да көптөгөн керектөөлөргө колдондук. Бирок ипподромго деп бөлүп койгон акча бар. Жыл башында эле ипподромго деп эки миллиард сом бөлүнгөн. Аны дагы карайбыз. Апрель, май айларында курулушу башталса, бир жылдын ичинде бүтөт деген үмүтүбүз бар”, - деди Жунушалиев.

Быйыл 21-мартта президент Садыр Жапаров ат майдандын курулушуна капсула салып, жаңы ат майданда көк бөрү боюнча Нооруз мелдеши өткөн.


Жаңы ат майдан Бишкектин батыш тарабындагы, Чүйдүн Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. (GT/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG