Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Өзбекстан: Алламжоновдун машинеси аткыланганы боюнча үч адам кармалды


Комил Алламжонов.
Комил Алламжонов.

Өзбекстандын Президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжоновдун автоунаасынын аткыланышы боюнча үч адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдиргенин “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

“Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ташкент облусунун Кибрай районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган дагы үч адамдын тек-жайы такталды. Алар шектүү катары кармалды”, - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу”, “Куралды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. “Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Комил Алламжонов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.

“Озодликтин” укук коргоо органдарындагы булагы бул окуя Ташкент облусунда ири масштабдуу операция жүргүзүүгө себеп болгонун билдирген. 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип жатканын, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.

Бирок кызматтан кетүү себебин ачыктаган эмес.

Өзбекстандын президентинин жардамчысы, Шавкат Мизиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына былтыр август айында дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG