Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:54

АКШ Грузия бийлигин шайлоо эрежелерин урматтоого чакырды


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Грузияда парламенттик шайлоодо эл аралык нормалар бузулганын белгилеп, өлкөнүн саясий лидерлерин мыйзам үстөмдүгүн, бардык жарандардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоого чакырды. Энтони Блинкен үгүт өнөктүгү атаандаштык шартында өткөнүн, бардык талапкерлер жалпысынан үгүт иштерин эркин жүргүзө алышканын белгиледи, бирок эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрүн толук иликтеп чыгууга чакырды.

“Бирок шайлоочуларга, айрыкча бюджеттик сектордун кызматкерлерине жана калктын экономикалык жактан аялуу катмар өкүлдөрүнө карата коркутуу, мажбурлоо жана кысым болгону тууралуу билдирүүлөр дагы эле уланып жатат. Бул айрым шайлоочулардын өз пикирин эркин калыптандыруу жана коркпостон добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу тынчсыздануу жаратууда. Андай мүмкүнчүлүктүн жоктугу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) алдындагы милдеттенмелерге, эл аралык стандарттарга каршы келет. Грузиянын Конституциясы менен бекитилген европалык жана евроатлантикалык интеграция максаттары өкмөттүн жарандык коом өкүлдөрүнүн укуктарын жана бүтүндөй Грузия элинин негизги эркиндиктерин урматтоосуна багытталган”, - деп айтылды Блинкендин билдирүүсүндө.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Соңку расмий маалыматка караганда, аталган партия добуштардын 53,92% алды, оппозицияга 38% тийди.

Бийлик шайлоо таза өткөнүн, ал эми оппозиция жана өлкө президенти добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип жатышат.

Шайлоого 102 жергиликтүү жана 64 эл аралык байкоочу көз салды.

ЕККУнун байкоочулары шайлоо эл аралык демократиялык принциптерге толук шайкеш келбеген деңгээлде өткөнүн айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG