Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:08

Иран Израилге жооп сокку уруларын эскертти


Хоссейн Салами.
Хоссейн Салами.

Иран Израилге каршы жооп катары соккуларын улантарын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» башкы командачысы Хоссейн Салами билдирди. 28-октябрдагы билдирүүсүндө ал Израил “оор кесепетке” дуушар болорун айтты.

Салами белгилегендей, бул Израилдин Ирандын аймагына эки күн мурда жасаган авиа соккуларына жооп болот.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи да Тегеран Израилдин чабуулдарына жооп кайтаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун 28-октябрда айтты.

26-октябрда Израил Ирандын аскердик объектилерине жооп катары “максаттуу жана так” сокку урганын кабарлаган.

27-октябрда каза болгон ирандык аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү менен жолугушууда Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи Израилдин соңку чабуулдарын “катачылык” деп атады, бирок жооп кайтарууга чакырган жок.

2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган.

Ошондон бери Газада 43 миңдей, Ливанда 2 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG