Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Үй, машинени сатууда сом менен накталай эмес эсептешүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда жарандарды турак жайды жана автоунааны сатып же сатып алууда улуттук валютада – сом менен накталай эмес гана эсептешүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылды.

Министрлик демилге кылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтин маалымкат-негиздемесинде мындай чара сомдун бекемделишине салым кошуп, көмүскө экономиканын үлүшүн азайта турганы жазылган. Мыйзам долбоору кабыл алынса аны бузган адамдарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.

Ушул тапта Кыргызстанда үйдү же машинени алып сатууда адамдар көп учурда доллар менен эсептешет.

Салык кызматы 1-октябрдан тарта юридикалык жактар кызматкерлерине эмгек акыны накталай түрдө эмес, банк эсептери аркылуу төлөөгө милдеттүү экенин эскерткен. Мындай талап Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр менен байланыштуу. Бул талапты бузган учурда жеке жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң 500 сом айып салынат. (BTo)

XS
SM
MD
LG