Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Ирандын түштүгүндөгү кол салууда 10 полиция кызматкери набыт болду


“Жаиш ал-Адл” (Адилеттүүлүк армиясы) тобунун согушкерлери, 22-октябрь, 2022-жыл
“Жаиш ал-Адл” (Адилеттүүлүк армиясы) тобунун согушкерлери, 22-октябрь, 2022-жыл

Ирандын түштүк-чыгышындагы полиция бекетине белгисиз бирөөлөр кол салып, 10 полиция кызматери набыт болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кол салуу баш калаа Тегерандан 1200 чакырым алыстагы Систан-Белужистан провинциясындагы Гохар Кух районунда болгон.

Азырынча эч бир топ кол салууну өз мойнуна ала элек.

Ирандын Сакчылар корпусу менен байланышы бар Tasnim маалымат агенттиги “полиция бекетине кайтып келаткан эки кайгуул тобуна” чабуул болгонун билдирди. Ички иштер министри Эскандар Момени окуяны иликтөөгө буйрук бергенин мамлекеттик IRNA агенттиги кабарлады.

Систан-Белужистан провинциясында соңку айларда коопсуздук күчтөрүнө бир нече жолу кол салуу болду. Буга чейинки чабуулдарды белужистандык жикчил “Жаиш ал-Адл” (Адилеттүүлүк армиясы) согушкер тобу мойнуна алган. Бул топ коңшу Пакистанда байырлайт деген маалымат бар.

Иранда "кара тизмеге" киргизилген топ буга чейин дагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен кагылышканы маалым.

XS
SM
MD
LG