Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну колдой турганын билдирди


Адылбек Касымалиев менен Антонелла Бассани. Вашингтон. АКШ.
Адылбек Касымалиев менен Антонелла Бассани. Вашингтон. АКШ.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймактар боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады.

Өкмөттүн маалымат кызматы 26-октябрда билдиргендей, жолугушуу Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында өттү.

Анда Касымалиев Камбар-Ата-1 долбоору Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

“Камбар-Ата ГЭС-1 таза энергиянын булагы гана эмес, бүткүл Борбор Азиядагы экономикалык өсүштүн катализатору болуп калат. Биз социалдык жана экологиялык аспектилерге өзгөчө көңүл буруп, бул долбоорду эң чоң жоопкерчилик менен ишке ашырууга бел байладык”, - деди ал.

Антонелла Бассани Камбар-Ата-1ди куруу долбоорун колдоорун билдирип, аны ишке ашырууга комплекстүү мамиле жасоо зарылчылыгы менен макул экендигин билдирди.

“Дүйнөлүк банк бардык социалдык жана экологиялык факторлорду эске алуу менен Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууда Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деди Антонелла Бассани.

Расмий маалыматка ылайык, ГЭСти курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин парламентте үлүштөрдүн пайызынан улам тынчсыздануу айтылган.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Шерине

XS
SM
MD
LG