Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:23

Жумгалда мал кайтарганы кеткен тургун менен баласы дайынсыз болууда


Көкөмерен суусу.
Көкөмерен суусу.

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы тургун Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери белгисиз болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” 26-октябрда анын бир тууганы Асел Карыпбекова билдирди.

Анын айтымында, 16-октябрда кечинде агасы менен байланыш үзүлгөн. Жакындары 18-октябрдан тарта издей баштаган жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19-октябрда кайрылган.

“Алар ошол жакта мал кайтарып, 21-октябрда өткөрүп берип, айылга келишмек. Биздин айылдын жанында Көкөмерен дарыясы агат. Ошонун аркы жагындагы Жансар деген жайлоодо мал кайтарган. Ошол жерде суудан атынын өлүгү табылыптыр. Ошол күндөрү ӨКМдин кызматкерлери жүрүштү. Биз жогору жакка кайрылгандан кийин издемиш этишти. Ашып кетсе, төрт киши келет. Ага караганда жергиликтүү жашоочулар көп болуп жатат. Бирок алардын керектүү шаймандары жок болуп атпайбы”, - деди Карыпбекова.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги комментарий бере элек.

Карындашынын айтымында, 45 жаштагы Болот Карыпбеков Өрнөк айылындагы мектепте дене тарбия мугалими болуп иштейт. Аны менен кошо дайынсыз болуп жаткан уулу 2014-жылы туулган.

2019-жылы Көкөмерен дарыясынын Жайыл районунан аккан жеринде өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев аялы, баласы, сегиз жаштагы небереси жана айдоочусу менен агып кетип, сөөгү кийин табылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG