Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Шакиевдин гимнди өзгөртүү сунушу, коомчулуктун чуусу


Кыргызстандын гимни жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. "Азаттыктын" коллажы.
Кыргызстандын гимни жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. "Азаттыктын" коллажы.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын мамлекеттик гимни өзгөртүлө турганын билдирди. Ал муну өлкөнүн башкы ырында советтик калдыктар бар экени жана ырдоого татаал экени менен түшүндүрдү.

Президенттин басма сөз катчысы бул спикердин жеке идеясы экенин айтты. Ага карабай мамлекеттик символиканын айланасында талкуу күчөдү. Мурдараак мамлекеттик желек да өзгөртүлгөн, гербге да алымча-кошумчаларды киргизүү чакырыктары ташталып келет.

“Жаш-кары бирдей ырдай албайт”

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимнине байланыштуу сунушун 25-октябрда Жогорку Кеңеште Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада айтты:

Нурланбек Шакиев
Нурланбек Шакиев

“Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеби, гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан маал болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Гимн – мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Андыктан мамлекеттик гимн бардыгы ырдап, аткара алгыдай, жалпыга бирдей ыргакта болушу керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек. Тагыраагы, беш жаштан 90 жашка чейинки өлкөбүздүн жарандары кайсы учур, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы зарыл. Биздики буга чейин да өзгөртүлүп, текстинен бир куплети толук алынган. Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет. Андыктан, эгемендигибиздин негизги символу саналган гимнибиздин текстин да кайрадан карап чыгып, бүгүнкү күндөгү чакырыктарга жана өлкөбүздүн өнүгүү багытына ылайыктап, элибизди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы мунун артынан эле төраганын сунушуна байланыштуу маалымат таратып, түшүндүрмө берди. Анда да кайрадан эле Шакиевдин сөзү келтирилип, гимн өзгөртүлсө анын текстин иштеп чыгуу коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлуп, акын, тарыхчы, окумуштуу, композитор өңдүү тиешелүү адистердин кароосунан өтөрү маалымдалды.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов парламент төрагасы Нурланбек Шакиевдин мамлекеттик гимнди өзгөртүү тууралуу айткандарына байланыштуу Фейсбукта пост жазып, комментарий берди. Алагөзов спикердин билдирүүсүн анын жеке пикири катары кабыл алуу керектигин белгиледи.

Аскат Алагөзов
Аскат Алагөзов

"Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт", – деп жазды Аскат Алагөзов.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Гимндин алгачкы варианты үч куплеттен жана кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Натыйжада азыр гимнде эки гана куплет калган.

“Зарыл болуп жатса референдум өткөрүшсүн”

Он жылча мурда гимндин бир куплетин кыскартуу да кезинде бир топ талаш менен коштолгон. Өлкөнүн башкы ырын өзгөртүү боюнча жаңы сунуш да коомчулукта кызуу талкуу менен коштолууда.

Социалдык түйүндөрдө көпчүлүгү пикирин жазып, айрымдары идеянын өзүн сынга алышса, кээлери бийликтин мурда кабыл алынган символикаларды улам-улам өзгөртүү ниетин айыпташууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да “Азаттыкка” мына ушундай пикири менен бөлүштү:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Гимнди өзгөртсөк жашоо жакшы болуп кете турган болсо анда жыл сайын өзгөртпөйлүбү. Гимн – деген элдин келечеги, алдыга коюлган максатка жетүүнү чагылдырган ыр да. Мисалы, Франциянын гимни "Марсельеза". Анда кедейлердин тирандыкка каршы күрөшү жөнүндө жазылган. Бирок азыр капиталисттик башкаруу болуп атат. Анан эми азыр чыгып алып, “бул деген эскирди, өзгөртөлү” деген жок да, туурабы? Канча кылымдан бери өзгөртүүсүз эле келе жатат”.

Баса, Жогорку Кеңештин төрагасы былтыр мамлекеттик тууга оңдоолорду киргизүүнү демилгелеп, аны да соңунда парламент кабыл алган. Сын пикирлердин фонунда кийин Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тууга оңдоолорду киргизүү анын демилгеси экенин, "чет мамлекеттердин өкүлдөрү туудан улам күн карамага байланыштырган суроону көп берерин" айткан.

Демилге коомчулукта кызуу талкууга түшүп, мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробеков алты ай абакта отуруп чыккан.

Мында башкысы тууну оңдоп-түзөө боюнча сынак же талкуу өткөрүлгөн эмес. Демилгенин авторлору алгач бир вариант сунуштап, кийин дагы башка вариантты кабыл алышкан. Аны кайсы дизайнер түзөткөнү, ким иштеп чыкканы айтылган эмес. Ортодо кабыл алынган вариант эмес, биринчи сунушталган туу Бишкекте бир аптадай илинип туруп, кайра жаңы версиясы желбиреген.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүүгө каршы чыккандар да бул процесс тууну өзгөртүү сыяктуу өтүп каларын белгилешип, ал ачык-айкын жүрөрүнөн да шек санап жатышат. Ошондуктан зарыл болсо референдум өткөрүүнү, кийин жалпы улуттук сынак аркылуу текст тандап алууну талап кылышууда.

Саясат талдоочу жана тарыхчы Айнура Арзыматова буларга токтолду:

Айнура Арзыматова
Айнура Арзыматова

“Менимче “өзгөртсөк эле өнүгүп кетебиз” деген түшүнүктөр ырымчылдык көз карашы. Туу боюнча да, эми гимн боюнча да ушундай мамиле болуп жатат окшойт. Азыркы шартта ошо гимнди өзгөртүү боюнча маселе коюштун эмне кажети бар? Ошол эң чоң көйгөй болуп жатабы? Текстин карасак деле өзгөртүүгө жатчу нерсе деле жок. Тексти нормалдуу эле, эл кабыл алып, ушунча жылдан бери сиңип калды дегендей... Парламент мындан көрө реалдуу жумуштар менен алектенсе болмок. Бюджетти көтөрүү жагын ойлонсун, маяна-пенсиялар жөнүндө идеяларын айтышсын, башка маселелерди чечсин. Эгер ошондой эле зарыл болуп жатса анда жок дегенде муну сурамжылоо же референдум аркылуу чечиш керек. Добуш берүүгө катышкандардын кеминде 60% макулдугун алышсын да, анан өзгөртө беришсин. Ошондо да жаңы гимн кабыл алышса деле ал баарына жагып кетеби, ал да суроо”.

“Бул да деколонизациянын элементи”

Деген менен ошол эле маалда Кыргызстандын мамлекеттик гимнин өзгөртүү идеясын мурдатан карманып келгендер бар. Алар да соңку талкуунун фонунда активдешип, коомчулукту өз аргументтери менен ынандырууга аракет кылышууда. Бул топтогулар гимндин тексти Кыргыз ССРинин гимнине окшош болуп калган деп эсептешет.

Башка бир тарыхчы, Элери Битикчи деген лакап ат менен таанымал Назикбек Кыдырмышев мындай жүйөлөрдү келтирүүдө:

Назикбек Кыдырмышев (Элери Битикчи)
Назикбек Кыдырмышев (Элери Битикчи)

“Мен гимнди мурда эле өзгөртүш керек деп айтып келгем. Анткени, Советтер Союзу маалында Кыргыз ССРнин гимни кандай стандарт менен жазылса, Кыргызстан эгемендик алган соң ошол эле ырдын музыкасы аз-маз өзгөртүү менен сакталып калган. Уксаңыз, кайрыктары да окшош. Текстин да салыштырып көрсөңүз, окшошуп кетет. Мурдагы гимнде “Улуу орус достук менен кол берип” деген текст болсо, кийин кабыл алынган гимнде “Досторуна даяр дилин берүүгө” деп өзгөртүп коюшкан. Албетте, ал куплети алынган, бирок башка куплеттеринде деле СССРдин калдыктары бар. “Коммунизм жолунда” деген сыяктуу сөздү “Азаттыктын жолунда” дешкен, айтор, маңызында окшоштуктар көп. Азыркы гимнибиз мындай марш сыяктуу. Ошондуктан гимнди өзгөртүп, улуттук мотивдерди кошуп, жаңылап жазып чыгыш керек деп эсептейм. Анда кыргыздын да улуттук музыкасынын кайрыктары кирсе жакшы болмок. Соңку жылдары биз деколонизация деп көп айтып жүрбөйбүзбү, гимнди өзгөртүүнү да биз ошонун бир элементи деп эсептесек болот”.

Адабиятчы жана тилчилердин ичинде “мамлекеттик гимн үчүнчү жак менен жазылып калган” деген да пикирлер бар. Мисалы, кайырмадагы “Алгалай бер, кыргыз эл” жана “өз тагдырың колуңда” деген сөз бөтөн киши тараптан кыргыздарга айтылып жаткан өңдүү. Адистердин оюнда бул кеминде “алгалаймын” же “алгалайбыз” деген биринчи-экинчи жак менен жазылышы керек эле.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти, акын Гүлзада Станалиева Түркиянын, Азербайжандын жана Казакстандын гимндеринде “менин өлкөм”, “менин элим” деген биринчи жактан айтылган саптар бар экенин белгилеп, "Кыргызстандын гимни да ушундай саптар менен коштолушу керек" деп эсептейт:

Гүлзада Станалиева
Гүлзада Станалиева

“Гимн – бул мекенди сүйүүгө, ал үчүн эмгегиңди, күчүңдү, керек болсо, өмүрүңдү берүүгө шыктандырган, сыймыктанткан, жүрөктөн чыккан улуу ыр болушу керек. Аны аткаруу да, эстеп калуу оңой болушу шарт. Мааниси жөнөкөй, бирок өлкөнүн баалуулуктарын, тарыхын, маданий мурастарын чагылдырышы керек. Эркиндикти, адилеттикти, элдин биримдигин даңазалап, туулган жерге болгон сүйүүнү күчөткөн текст болушу абзел. Анан эң башкысы аны ар бир атуул өз атынан ырдагыдай, биринчи жактан: МЕН же жок дегенде, БИЗ деп жазылышы кажет. Музыкасында да улуттук мүнөз, кайрыктар болушу керек, совет учурундагыдай эмес! Ошондо гана гимн каныбызга, жаныбызга сиңет. Улуттук аң-сезимибизди, жарандык жоопкерчилигибизди, ар-намысыбызды күчөтөт, өлкөнү өнүктүрүүгө шыктандырат”, – деп жазды Гүлзада Станалиева Фейсбуктагы баракчасында.

СССРден бөлүнгөн Казакстан да 1992-жылы советтик гимндин музыкасын калтырып, текстин жаңылап кабыл алган. 2006-жылы башка ырга өзгөртүлгөн.

Өзбекстан, Беларус жана Тажикстан эгемендик алган соң мамлекеттик гимндеринин обондорун мурдагыдай калтырып, тексттерин гана өзгөртүп алышкан. Түркмөнстан көз карандысыздыктын алгачкы жылдары советтик гимндин музыкасын пайдаланып жүрүп, кийин жаңылаган.

Гимн: Төраганын талкууга түшкөн пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:29 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG