Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

"Кызмат" мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча жарлык чыкты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров калкты каттоо жана документтештирүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн “Кызмат” мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 25-октябрда жарыяланды.

Документке ылайык, жаңы ишкана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлүп, президенттин Иш башкармалыгынын карамагында турат.

“Кызмат” “Инфоком” ишканасынын укук улантуучусу катары иштей турганы жазылган.

Президентинин иш башкармалыгы эки айлык мөөнөттө жаңы ишкананын иш тартибин, кызматкерлеринин санын жана башка зарыл жумуштарды аткарышы керектиги жазылган.

Буга чейин президенттин иш башкармалыгына Мамлекеттик ипотекалык компаниясы да өткөн. Сайтындагы маалыматка ылайык, башкармалыктын карамагында 27 мамлекеттик мекеме бар.

Соңку беш-он жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. Азыркы бийлик да Кыргызстандын бардык мамлекеттик кызматтарын санариптик формага өткөрүү саясатын күчөткөн.

XS
SM
MD
LG